Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Немцовдун үйүндөгү эскерүү тактасын алып салышты


Саясатчы Борис Немцовдун жашагын үйдүн тушуна бир апта мурда тагылган эскерүү тактасы.
Саясатчы Борис Немцовдун жашагын үйдүн тушуна бир апта мурда тагылган эскерүү тактасы.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцов бир кезде жашаган Москвадагы көп кабаттуу үйдүн тушуна тагылган эскерүү тактасын алып салышты. Бул тууралуу активист Татьяна Тихонович өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Тактаны SERB деп аталган радикал кремлчил топтун мүчөлөрү алып салышкан. Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери Гоша Тарасевич (Игорь Бекетов деген ысым менен да таанымал) "ВКонтакте" социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал ошондой эле кыймылдын активисттери бул тактаны мыйзамсыз таккан кишилерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, полицияга арыз жазышканын да кошумчалады.

"Бул үйдө 2015-жылдын 27-февралында жалданган кылмышкердин колунан өлгөн саясатчы Борис Немцов жашаган" деген жазуусу бар такта көп кабаттуу үйдүн тургундарынын демилгеси менен бир апта мурда тагылган. Ошол эле күнү Москва бийликтери бул мэрия менен макулдашылбай жасалган кадам болгондуктан такта алынышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду 2015-жылы Москванын борборунда өлтүрүп кетишкен. Маркумдун тарапкерлери эскерүү тактасын ал өлтүрүлгөн Большой Москворецкий көпүрөсүндө орнотууну талап кылышкан. Бирок буга Москва бийликтери уруксат беришкен эмес.

XS
SM
MD
LG