"Кайра жаралуу" төртилтик партиясы президенттикке бирдиктүү талапкер кылып "Өнүгүү Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевди алып чыкмак. Бул тууралуу бүгүн Төрөбаев өзү жарыялады.
“Мен саясатчыларды биримдикке чакырууга жана жаңы саясий күчтү курууга болгон аракетимди жумшадым, бирок, тилекке каршы кээ бир менин тарапташтарым жеке амбицияларын жеңе алышкан жок. Азыркы учурда мен ачык эле айта алам, 2017-жылдын 6-август кунү “Ата-Журт Мекенчил” жана “Бүтүн-Кыргызстан” партиялардын лидерлери менен бирге кол коюлган биздин келишимибиз боюнча мен үч саясий партиянын атынан КР президенттигинге бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлмөкмүн. Эгерде биздин келишимибиздин эң башкы шарты аткарылбаган болсо, мен ойлойм, анын саясий күчү да жоголот” деп айтылат Төрөбаевдин атынан анын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
"Өнүгүү Прогресс" үч партияны бириктирүү жөнундө келишимди токтотууга бир добуштан чечим кабыл алганы айтылды.
"Өнүгүү Прогресс", “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын лидерлери Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров “Кайра жаралуу” саясий партиясын түзгөнүн жакында жарыялашкан. Ага чейин алар президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине альтернатива катары өзүнүн бирдиктүү талапкерин алып чыгарын билдиришкен. Анын аты 11-сентябрда аталмак, бирок аталган жок.
Камчыбек Ташиев КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдой турганын "Азаттык" радиосуна "Ата Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди.
Шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)