Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Атамбаев: Кумтөр келишими экологияны сактоого умтулуунун далили болду


Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков
Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков

Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы андагы экологиялык абалды жакшыртууга эки тарап тең умтулуп жаткандыгынын далили деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн премьер-министр Сапар Исаков менен жолукканда айтты.

Жолугушууда өкмөт башчы президентке канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана айлана-чөйрөнү коргоо, инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кол коюлган стратегиялык келишим тууралуу маалымат берди.

«Жаңы келишимге кол коюунун түз жана кыйыр экономикалык натыйжасы 200 млн доллардан ашат» - деди премьер-министр.

Мамлекет башчы «өкмөт Кумтөр ыплас саясый оюндардын предметине жана туруксуздуктун факторуна айланбастан, мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыгына натыйжалуу иштеген чыныгы экономикалык долбоор болушуна жетишүүгө тийиш» деди.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы менен кечээ 11-сентябрда түзгөн макулдашуу Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында азыр абакта олтурган депутат Садыр Жапаров баштаган депутаттык комиссиянын 2012-жылдагы иликтөөсүнөн кийин башталган жараяндын натыйжасы.

Комиссиянын баяндамасы парламентте угулгандан кийин “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү баштап, анын алкагында экологиялык талаптар эле эмес, Кыргызстандын үлүшүн кеминде 50% чейин көтөрүү маселеси коюлган. “Центерра Голд” жаңы актив сатып алганына байланыштуу Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү мурдагы 33%дан 26%га түшкөнү жакында белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG