Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

ЖК комитети К.Кулматовду Улуттук банк төрагалыгына бир добуштан жактырды


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин экономика жана фискалдык саясат комитети бүгүн Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин талкуулап, бир добуштан жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуттук банктын буга чейинки башчысы Толкунбек Абдыгулов жакында өкмөткө биринчи вице-премьерлик кызматка дайындалды.

Кулматов 2010-2013-жылдары Бажы кызматын жетектеген, 2014-2016-жылдары Чүй облусун, Бишкек шаарын башкарган. Азыр ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы.

Мыйзам боюнча Улуттук банктын башчылыгына талапкерди өлкө президенти сунуштайт, парламент бекитет. (RK)

XS
SM
MD
LG