Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Бишкекте “Арт-Ордо” эл аралык театр фестивалы ачылды


Фестивалдын ачылышы салтанаты өтүүдө
Фестивалдын ачылышы салтанаты өтүүдө

Бишкекте VI эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын “Айкөл Манас” спектакли менен башталды.

Быйыл аталган фестивалда Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнөн 13 спектакль көрсөтүлөт. Алардын арасында атайын конкурс үчүн жана конок катары катышып жаткандары да бар.

Фестивалдын салтанаттуу ачылышында Маданият, маалымат жана туризм министрилиги быйыл кароо-сынактын өзгөчөлүгү деп калыстар тобунун мүчөлөрү ар кайсы өлкөдөгү театр ишмерлеринен түзүлгөнүн билдирди.

Бул маданий иш-чара эки жыл сайын өткөрүлүп келет. 2015-жылы "Арт-Ордодо" эң мыкты спектакль деп Мухтар Ауэзов атындагы казак академиялык драма театрынын “Каш-кагым” пьесасы табылган.

Быйылкы “Арт-Ордо” 16-сентябрда жыйынтыкталат. (ZA)

XS
SM
MD
LG