Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Өмүрбек Бабановдун шайлоо фондунан эң көп акча жумшалды


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлердин шайлоо фондундагы акча каражаттары тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 11-сентябрга карата талапкерлердин арасынан эң көп акчаны Өмүрбек Бабановдун фонду жумшады, жалпы 126 200 000 сом түшсө, бүгүнкү күндө анын 110 706 904 сому сарпталган.

Андан кийинки орунда Сооронбай Жээнбеков турат. Анын шайлоо фондуна 46 300 000 сом түшсө, 36 778 940 сом жумшалган. Кийинки орундагы талапкер Темир Сариевдин фондуна түшкөн 26 500 000 сомдун 24 197 069 сому коротулган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. БШКнын каттоосунан 13 талапкер өткөн. (NT)

 

Талапкер

Түштү

Чыгымдалды

Калдыгы

1

Арстанбек Абдылдаев

2 015 000    

2 010 300    

4 700    

2

Бакыт Төрөбаев

47 230 000    

11 222 249    

36 007 751    

3

Арстанбек Малиев  

4 259 800    

3 525 823    

733 977    

4

Эрнис Зарлыков

1 510 000    

1 341 796    

168 204    

5

Темир Сариев

26 500 000    

24 197 069    

2 302 931    

6

Таалатбек Масадыков

2 806 700    

2 232 930    

573 770    

7

Өмүрбек Бабанов

126 200 000    

110 706 904    

15 493 096    

8

Адахан Мадумаров

1 103 150    

1 103 109    

41    

9

Сооронбай Жээнбеков

46 300 000    

36 778 940    

9 521 060    

10

Улукбек Кочкоров

1 563 400    

1 562 250    

1 150    

11

Азимбек Бекназаров  

1 426 600    

1 351 257    

75 343    

12

Токтайым Үмөталиева

1 663 275    

1 598 150    

65 125    

13

Камчыбек Ташиев

1 100 000    

1 099 125    

                  875    

 

 

 

XS
SM
MD
LG