Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Казакстан: Жанболат Мамай сот чечиминин үстүнөн арызданбайт


Алматыдагы басма сөз жыйын. 12-сентябрь, 2017-жыл.
Алматыдагы басма сөз жыйын. 12-сентябрь, 2017-жыл.

Казакстанда үч жылга шарттуу кесилген журналист Жанболат Мамай доо арыз менен сотко кайрылбайт.

Бул тууралуу ал Алматыда жарандык активисттер жана журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамай бул чечимин “убакытты текке кетиргиси келбегени” менен байланыштырды.

Бийликтин чечими менен жабылган оппозициялык «Саясий калем. Трибуна» гезитинин редактору, 29 жаштагы Жанболат Мамайды 7-сентябрда Алматы соту үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Сот аны БТА банктан мыйзамсыз чыгарылган делген акчаларды гезиттин редакциясы аркылуу жашырган деп тапкан.

XS
SM
MD
LG