Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин жаңы варианты жарык көрдү


Бул тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, академиянын кол жазмалар бѳлүмүндѳ сакталып турган Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов, Тоголок Молдо, Жаӊыбай Кожековдон жазылып алынган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору басылып чыкты.

Эпостун тексти манасчылардан жазылып алынган бойдон ѳзгѳртүүсүз берилди. Тексттин аягында сюжеттик линияда кездешкен каармандардын аттары, жер-суу, эл-уруу аталыштары жана орус, араб, фарс тилинен кирген айрым сѳздѳрдүн түшүндүрмѳлѳрү кошулган.

Китепке кирген манасчылардын арасынан Молдобасан Мусулманкуловдун варианты көлөм жагынан кол жазмалар бѳлүмүндѳ сакталып турган варианттардын эң чоңдорунун бири. «Манас» үчилтиги манасчынын оозунан 1935-жылдан тартып жазыла баштаган.Улуу Ата мекендик согуш учурунда окумуштуулар кагазга түшүргөн эмгектер 70 жылдан ашуун убакыт ѳткѳндѳн кийин жарык көрдү. (NT)

XS
SM
MD
LG