Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

Кытайга студенттик визага арыз кабыл алуу мөөнөтү узарды


Кытай элчилигинин алдында турган студенттер
Кытай элчилигинин алдында турган студенттер

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги виза ачтыра турган студенттерди кабыл алуу мөөнөтүн 29-сентябрга чейин узартканын бүгүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ошону менен катар министрлик көптөрүнүн документтери туура толтурулбагандыктан же жетишсиз болгондуктан кайра кайтарылып жатканын белгилеп, студенттерди кылдат болууга чакырды.

Былтыр Кытайдын Бишкекте жайгашкан элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. Дипломаттардан эч ким жабыркаган эмес. Ошондон кийин коопсуздук чаралары өтө күчөтүлүп, Кытайга виза алуу маселеси татаалдаган.

Бул күндөрү виза ачууга кезек күтүп жаткандардын саны бир нече жүзгө жеткенине кабатырланган ата-энелер балдары кетпей калабы деп кооптонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG