Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:43

Орусияда кыргызстандыктын бейажал өлүмү иликтенүүдө


Казан шаары

Орусияда кыргызстандык жарандын өлүмү иликтенүүдө. Элчиликтин маалыматына караганда, окуя Казан шаарында болгон.

23 жаштагы маркум Ош облусунун Араван районунун тургуну экени аныкталды. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз. Учурда "200" жүгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча документтер толтурулуп жатат.

Орусияда бир миллионго жакын кыргыз жараны эмгек мигранты болуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG