Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

БУУ: Кыргызстан аркылуу маңзат ташуу азаюуда


Ооганстандагы апийим талаасы
Ооганстандагы апийим талаасы

2016-жылы Кыргызстанда 18 миң 162 кг маңзат кармалган. Мунун ичинен 186 кг героин. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун кылмыштуулукка жана маңзат ташууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Борбор Азия боюнча өкүлү Ашита Миттал 13-сентябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда, бул мурдагы жылдарга салыштырганда арбын көрсөткүч. "Бул кыргыз өкмөтү маңзат ташууга каршы күрөштө жакшы иштеп жатканын көрсөтөт" деди ал.

Ашита Митталдын маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнөдө 300 миң гектарга жакын жерге апийим айдалат. Анын көпчүлүк бөлүгү, тагыраак айтканда 65% Ооганстанда. 2015-жылга салыштырганда быйыл түшүмдүүлүгү 43% өскөн. Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн апийимдин дүйнөгө таралуучу экинчи багытында турат. Жалпысынан Борбор Азия аймагы аркылуу Ооганстан апийиминин 25% өтөт. Андан тышкары Түндүк багыты - Карачи шаары жана Балкан багыты аркылуу дүйнөгө тарайт.

Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө жылына 28 млн киши маңзаттан жана маңзат пайдаланууда жуктурган оорулардан көз жумат. Маңзат колдонгондор ВИЧ инфекциясына, С тибиндеги гепатитке жана кургак учук оорусуна көбүрөөк кабылышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG