Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Кара-Көлдө депутаттар журналисттин айынан жыйынды токтотушту


Гүлжан Алтымышбаева, НТСтин кабарчысы.
Гүлжан Алтымышбаева, НТСтин кабарчысы.

Кара-Көл шаардык кеңешинин 13-сентябрь күнкү жыйыны НТС каналынын журналистине байланыштуу маселеден улам токтотулду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна шаардык кеңештин төрагасы Бакыт Кыргызалиев билдирди.

Журналистти жыйынга катыштырбоо сунушун мэр Иляс Эркеев көтөргөн. Бул маселени эл өкүлдөрү талкуулап, жыйынды кийинки аптага которуу чечимин кабыл алышты.

- Мен төрага катары добушка койдум. Жалпыга маалымдоо каражаттарын чектебешибиз керектигин айттым. Бул ачык сессия экенин, мамлекеттик сыр болсо гана жабык өтөрүн түшүндүрдүм. Депутаттардын арасында "жок, болбойт" дегендер болду. Мэрдин "НТСтин журналисти чыгарылсын" деген маселесин койдум. Ал сунуш өткөн жок. 30 мүнөттүк танапис жарыяладым. Танапистен соң сессия кийинкиге жылдырылды,- деген төрага сессия журналистке байланыштуу талаштан улам жылганын белгиледи.

Мурдараак НТСтин кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева "Азаттык" радиосуна кайрылып, анын жыйынга катышып, видеого тартуусуна шаар мэри Иляс Эркеев каршы болгонун айткан. Муну журналист "сөз эркиндигине кысым" деп билдирген.

Мэр Эркеевден комментарий алууга азырынча мүмкүн болбой жатат.

Шаардык кеңештин төрагасы Кыргызалиевдин айтымында, мэр "НТС каналы бир жактуу маалымат берет" деген негизде жогорудагы сунушту киргизген.

Бүгүнкү жыйында социалдык маселелер каралмак.

Кара-Көл шаардык мэриясында беш фракция бар. Алар КСДП, "Энергетик", "Улуу Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Республика-Ата журт". (SE)

XS
SM
MD
LG