Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

Кыргызстанда маңзат пайдалануу үчүн абакка камоо азаюуда


Кыргызстандын абактарында маңзатка байланыштуу камалгандардын 77% аны пайдаланганы үчүн кармалып, соттолушкан. Ал эми маңзатты сатканы үчүн соттолгондор 18% түзөт. Бул акыркы он жылдагы көрсөткүч экенин БУУнун Маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эл аралык менеджери Вера Ткаченко 13-сентябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтүнө маңзат колдонгондорго карата ийкемдүү саясат жүргүзүүнүн жолдору сунушталган. Ага ылайык, акыркы жылдары бул үчүн кармалгандарга карата эркинен ажыратуу эмес, жазанын башка жолдору көбүрөөк чектеле баштады:

- 2011-жылы маңзат пайдаланганы үчүн кармалгандардын 65% эркинен ажыратылып, 35% жазанын башка түрлөрү чегерилген болсо, 2014-жылы 60% эркинен ажыратылбаган жаза алган. Бул иш жакшы жагына жылып жатат деген сөз.

Ткаченконун маалыматы боюнча, маңзат пайдалангандарды түрмөгө эмес, дарыланууга жиберүү зарылчылыгы бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG