Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:31

ИМ тобунун орусиялык согушкери Иракта өлүм жазасына кесилди


ИМ тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү. Тал -Афар, 30-август, 2017

Ирак сотунун 12-сентябрдагы чечими боюнча Мосулда туткундалган согушкер дарга асылат.

Соттун билдирүүсүнө ылайык, согушкер Ирактын антитеррордук мыйзамынын негизинде соттолду. Ал 2015-жылдан бери Ирактын коопсуздук күчтөрүнө каршы “террордук операцияларды” жүргүзгөнүн моюнга алган. Бул ИМ тобунун орусиялык согушкери Иракта өлүм жазасына кесилген биринчи учур.

Франс Пресс агенттигинин кабарына караганда, 28 жаштагы согушкер тергөө учурунда ислам динине Москвада өзбек куруучуларынын нускоосу менен өткөнүн айткан.

Ирактын коопсуздук күчтөрү Мосулду жана башка аймактарды бошотууда “Ислам мамлекети” тобунун жүздөгөн согушкерлерин туткундаган.

Рейтер агенттиги апта башында азыр ирак бийликтеринин колунда согушкерлердин 1400дөй бүлөсү - чет элдик аялдар менен балдар да турганын, арасында Орусия, Тажикстан, Азербайжандан келгендер бар экенин кабарлаган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG