Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Балдар укугун коргоочулар президенттикке талапкерлерге кайрылышты


"Балдар укугун коргоочулар лигасы" жана Балдардын, аялдардын укугун коргоо боюнча Борбор Азиялык коалиция президенттик шайлоодо ат салышып жаткандарга кайрылуу жолдоду. Алар балдар үйлөрүн жана интернаттарды жоюуга саясий шарт түзүүнү өздөрүнүн программаларына киргизүүнү суранышты

Укук коргоочулар үй-бүлөдө чоңоюу баланын конституциялык укугу деп белгилеп, балдар ар тараптуу өнүгүп-өсүүсү үчүн үй-бүлөдө тарбияланышы керек деп эсептешет.

"Балдар укугун коргоочулар лигасы" жиберген маалымат боюнча, Кыргызстанда 8888 бала балдар үйүндө тарбияланууда. Алардын ичинен 4% гана тоголок жетим, калгандарынын ата-энеси бар.

Балдар үйлөрүндө жана интернатта бир баланы багып-тарбиялоо үчүн жылына мамлекеттен 12-14 миң сом бөлүнөт. Мунун 30% гана баланы каржылоого сарпталат, калганы мекеменин өзүнө жана кызматкерлерге жумшалат.

Укук коргоочулар бул акчаны ата-энелердин социалдык абалын жакшыртууга сарптоону сунуш кылып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG