"Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" уюму Баткен облусунун Кадамжай районуна жаңы мектеп курат. 150 орундуу билим уясы А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү Кожо айылына салынат. Мектеп жылытуу системасы, эмерек жана сырткы темир тосмосу менен 2018-жылы пайдаланууга берилет.
Уюмдун басма сөз кызматы 13-сентябрда билдиргендей, курулуштун пайдубалына капсула салынды. Анын урматына уюштурулган жыйынга жергиликтүү тургундар, район акими Жаныбек Исаков жана ассамблеянын президенти Саид Баюми катышты.
Кожо айылында 200дөн ашуун түтүн бар. Балдар 3 км алыстагы коңшу айылга каттап окуйт.
"Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" буга чейин Кыргызстандын түрдүү аймактарына 30 мектеп курган. (SE)