Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

БШК Аравандагы үгүт боюнча териштирүү жүргүзөт


Шукурулло Файзуллаев.
Шукурулло Файзуллаев.

Бул тууралуу бир аз мурда “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасына катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди:

- Биз териштирүү жүргүзөбүз. Мындай нерсе биздин мыйзамдагы нормаларга, таза шайлоо өткөрөбүз, администравтивдик ресурс колдонбойбуз деген урааныбызга да каршы келет. Бул боюнча жыйынтык сөзсүз түрдө чыгарылуусу керек.

Араван районуна караштуу Юсупов айыл өкмөт башчысы Шукурулло Файзуллаев жергиликтүү тургундарды КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө айыл өкмөттө 12-сентябрь күнкү жыйында ачык үгүттөгөнүн күбөлүндүргөн тасма “Азаттык” радиосунун интернет баракчасына бүгүн чыкан эле.

Кечээги жыйында айыл өкмөт башчы “ал киши ( Сооронбай Жээнбеков) динчил үй-бүлөдөн, жубайы, бала-чакасы менен ажыга барган. Бир тууган агасы араб мамлекеттеринде элчи болгон, Оштун мэри болгон. Каабага сегиз жолу кирген экен. Бир тууган иниси Асылбек Шарипович спикер болуп турганда сегиз депутатты ибадат кылганы алып барганда ошол жактын падышасы Каабаны ачып берген. Ал деле Каабага кирген. Ушундай намаз окуган киши туруп, башкасын колдосок кыянатчылыкка барабар болот, - деген жана башка мазмундагы үгүт чакырыгын да жасаган.

КСДПнын шайлоо штабы бул фактыны комментарийлей элек.

Файзуллаев өзү "Азаттыктын” кабарчысына жагдайды "улут аралык ынтымак боюнча жыйыныбыз шайлоого бурулуп кетти" деп түшүндүрдү.

15-октябрдагы шайлоодо административдик ресурс колдонулат деген тынчыздануулар президенттикке талапкерлер тарабынан айтылып келет.

Шайлоодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселеси 11-сентябрда Коопсуздук кеңештин атайын олтурумунда талкууланган. (UE)

Араван: айыл өкмөт Жээнбековду колдоого үндөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

XS
SM
MD
LG