Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Молдова президенти парламент менен өкмөттү айыптоодо


Президент Игорь Додон.
Президент Игорь Додон.

Орусиячыл президент Игорь Додон Молдованын парламенти менен өкмөтүн куралдуу күчтөрдүн колбашчысы катары анын бийлигин чектөө аракетин көрүп жатканы үчүн айыптады.

Додон бүгүн Кишиневдо кабарчылар менен маегинде белгилегендей, парламент мыйзамдарды Молдова аскерлерин НАТОнун машыгуусуна президенттин уруксатысыз жиберүү үчүн өзгөртүүнү мерчемдөөдө.

“Четтеги кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн президенттин ыйгарым укуктарын узурпациялап алуу эч убакта болбойт, адамдар көчөлөргө чыгат”,- деп да ырастады Додон.

Додондун алдында Молдованын премьер-министри Павел Филип парламент президенттин бир нече мыйзамга койгон ветосун жеңүү үчүн атайын сессияга чогуларын билдирген.

Буга чейин сентябрдын башында молдова өкмөтү НАТОнун Украинадагы машыгуусуна 57 аскерин жөнөтүү үчүн президенттин буйругун да жокко чыгарган болчу.

Молдова президенти менен өкмөттүк коалиция ортосундагы талаш өлкөдөгү саясий ажырымды баса көргөзүп турат.

Игорь Додон Молдованын Евробиримдик жана АКШ менен жакын мамилени көздөгөн азыркы өкмөтү менен тышкы саясат боюнча маселелерде такай тирешип келет. (UE)

XS
SM
MD
LG