Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын анын жубайы Айгүл Жапарова “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал ишти карап жаткан Бишкек шаардык сотуна Жапаров менен көрүшүү боюнча бир нече жолу өтүнүч келтирилгенин, бирок алардын четке кагылышы түшүнүксүз экенин айтты:
- Шаардык сотто биринчи отурум олгондо эле көрүшүүгө уруксат сураганбыз. Ошондон бери эле мөөрдү Воронцова (ред.: Ирина Воронцова - Бишкек шаардык сотунун төрайымы) алып кетип калыптыр деп эле кол коюп бербей жатат. Сотко күбөлөрдү алып келбей, эптеп эле соттоонун айласын кылып жатышат. Үй-бүлөсү менен жолугушканга эмнеге уруксат бербей жатканын түшүнбөйм. Акыркы жолу мындан бир жарым ай мурда, райондук сот бүтө электе жолукканбыз.
Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов да ага жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын ырастады. Жапаров боюнча акыркы жараян 13-сентябрда өткөн, анда тараптар иштин материалдарын изилдөөгө киришкен. Адвокат соттук коллегия жарыш сөздү баштоого аракеттенгенин, жараянды эрте бүтүрүүгө умтулуп, актоочу тараптын өтүнүчтөрүнө көңүл бурулбай жатканын билдирүүдө. Шаардык сот буга комментарий бере элек. Бүгүн жараян саат 14.00дө уланат. Анда тараптардын жарыш сөзү башталышы мүмкүн.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2-августтагы чечими менен Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук акталып, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген экс-депутат Садыр Жапаровдун доо арызын Бишкек шаардык соту 29-августтан тарта карай баштаган. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп атап келет.
11-сентябрдагы териштирүүдө бул иш боюнча башкы жабырлануучу, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берип, негизги үч күбөнү чакырууну суранган. Судья Жаңыл Мамбеталы муну четке какканда, Каптагаев сотко ишенбестик көрсөтүп залдан чыгып кеткен. (NT)