Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:58

Москва: мигранттар биометриялык маалымат тапшырууда


Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, учурда 500дөн ашуун кыргызстандык биометриялык маалымат тапшырды.

Мекеме кызматкерлери кыргызстандыктар көп иштеген ишканаларда, базарларда жана спорт клубдарда жолугушууларды өткөрүп жатышат. Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары боюнча чет өлкөдөгү элчилик жана консулдуктарда биометриялык маалымат тапшырып, каттоого турган жарандар гана шайлоодо добуш бере алат.

Москвадагы элчиликтин маалыматы боюнча учурда 5,3 миң киши консулдук каттоодон өткөн.

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо добуш берүүнү каалаган жарандар 30-сентябрга чейин элчиликте консулдук каттоого туруп, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүндө биометрика тапшыруусу керек.

Орусия боюнча шайлоо штабдары Москвадан тышкары Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында ачылган. Расмий маалымат боюнча, Орусияда 620 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Бирок расмий эмес маалыматта алардын саны миллиондон ашат. (LzT)

XS
SM
MD
LG