Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” Сапановдун камалышы боюнча кайрылуу таратты


Зулпукаар Сапанов.
Зулпукаар Сапанов.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун кайрылуусу Бишкек шаардык сотуна, муфтиятка, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына, Кыргызстандын Жазуучулар биримдиги, журналисттер уюмдарына, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине багытталган. Анда “Кыдыр санжырасы” деп аталган китептин автору Зулпукаар Сапановго сот катаал чечим чыгарып койгону айтылат. Сапановдун камалышы өлкөдөгү "диний мамилелерди ого бетер ырбатышы мүмкүндүгү жана башкалар үчүн ал өтө терс, коркунучтуу үлгү болору" белгиленген. Соттун чечими Конституциянын биринчи беренесине шек келтирери да кошумчаланган.

Бишкек шаардык сотунан ишти дыкат жана бейтарап карап чыгууну суранган. "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы Адил Турдукулов муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын диний чөйрөдө түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Журналист Зулпукаар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде "диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деген негизде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Төрт жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган.

Сапанов жана анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылууга даярданууда.

Журналисттин “Кыдыр санжырасы” деген аталыштагы китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин айрым дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду "китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат" деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Миң нускада жарык көргөн китеп толугу менен жок кылынган. Дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү китепте жазылгандар талаштуу экенин, бурмаланган фактылар көптүгүн, исламга акаарат келтирген учурлар бардыгын айтып жатышат. Журналист жана аны колдогондор муну менен макул эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG