Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Бишкек шаардык соту Текебаев жана Чотоновдун ишин кароону улантат


Өмүрбек Текебаев сотто. 5-сентябрь, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев сотто. 5-сентябрь, 2017-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун ишин кароону улантат.

12-сентябрдагы териштирүүдө 20га чукул күбөлөр көрсөтмө берген.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары да аталган инстанцияга доо арыз беришкен.

Текебаев менен Чотонов быйыл 26-февралда кармалган, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурушат. (NT)

XS
SM
MD
LG