Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Ошто "Үгүт жүрүш-2017" иш-чарасы башталды


Ош шаарындагы иш-чаранын жүрүшү.
Ош шаарындагы иш-чаранын жүрүшү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, патрулдук милициянын «Үгүт жүрүш-2017» деп аталган иш-чарасы жол кырсыктардын алдын алууну көздөйт.

13-сентябрда аталган жүрүштүн экинчи этабы башталып, патрулдук милиция кызматкерлери кырсыкка кабылган машинени эвакуаторга салып, ѲКМ, автомектептин автоунааларынын коштоосунда шаар көчөлөрүн аралашты. Үн күчѳткүч аркылуу жол эрежелерин сактоого элди чакырышты. Үгүт жүрүшүнѳ катышкан автоунаалар кербени шаардагы кырсык көп катталган аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Оштогу №27 мектептин окуучу - жаш инспекторлору балдарга жолдон ѳтүү жоболорун кѳрсѳтүштү. (NT)

XS
SM
MD
LG