Башкы прокуратура Унаа жана жолдор министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун маалымдады. Көзөмөл органы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет биргелешип жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, министрликтин кызматкерлери мамлекетке 16 851 139 сомдук зыян келтиришкен.
Маалыматка караганда, министрликте 2015-жылдын май айында Евразия экономикалык биримдигине кирүү жараяны учурундагы электрондук жабдууларды сатып алууда мыйзам бузуу катталганы аныкталган.
Кылмыш иши 13-сентябрда Кылмыш кодексинин 304-беренесине (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 306-беренесине (Кыргыз Республикасынын кызычылыктарына дал келбеген келишим түзүү) ылайык козголду.