Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Депутат Мамлекеттик тилге бөлүнгөн акчаны иликтөөнү талап кылды


Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бюджеттен 2015-2020-жылдары 500 млн сом бөлүнүп, анын 142 млн сом өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков 14-сентябрда парламент отурумунда билдирди:

- 142 млн сом өздөштүрүлдү деп каржы министрлиги маалымат берди. Анын көбү Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлигине, Илимдер академиясына берилген. Кандай китептер чыгарылды? Эмне иштер аткарылды? Кана маалымат? Бишкектеги билим берүү башкармалыгынын башчысы мамлекеттик тилди - кыргыз тилин кымындай билбейт. Анан кантип өнүгөт тил? Улуттук тил комиссиясына ашып барса 1-2 млн сом берилген. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө берилген акча башка жакка бөлүнүп кеткен.

Рыскелди Момбеков төрага Чыныбай Турсунбековдон бул акчалардын изин иликтөө боюнча протоколдук тапшырма берүүсүн өтүнүп, буларды карабай туруп, кийинки жылдын 200 млн сомун бекитип бербөөнү сунуштады.

13-сентябрда депутаттар “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды аткаруу тууралуу парламенттин 2016-жылдын 26-майындагы токтомун талкуулашкан. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова “Кыргызтест” системасы боюнча токтом кабыл алынганын, Терминологиялык комиссия материалдык-техникалык жактан камсыз болгонун, мекемелер ортосундагы мамлекеттик тилде кат алмашуу камсыздалып, мамкызматкерлерге кыргыз тили үйрөтүлүп жатканын парламентте маалымдаган.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG