Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Сирия жана Ирактагы согуштарда 92 кыргызстандык мерт болду


Ирактагы согуш кесепети.
Ирактагы согуш кесепети.

Ирак жана Сириядагы согуш тутанган аймактарда салгылашып жүргөн кыргызстандыктардын арасынан 92 киши мерт болду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Темир Жумакадыров "Азаттык" радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жоочулардын катарындагы кыргызстандыктардын саны 500дүн тегерегинде. Анын 140ка жакыны аялдар, 100 чамалуусу балдар.

Расмий эмес маалыматтарда Сирия менен Ираккка 800дөй кыргызстандык кетип калганы айтылат.

Жумакадыров бир жарым жылдан бери Кыргызстандан Сирия же Иракка кетүүгө камынган кишилерди алып калуу боюнча аракеттер күчөгөнүн айтты. Бирок Орусиядагы мигранттар арасынан жана Жакынкы Чыгыш аркылуу жөнөп кеткендер бар экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG