Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасын дайындоо маселесин кароодо


Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматов сунушталган.
Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматов сунушталган.

Учурда депутаттар Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматовго суроо берип жатышат.

КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков Кыргызстандын улуттук валютасын өлкөнүн ичинде жасоону сунуштады:

- Биз жыл сайын өзүбүздүн сомду тыйындары менен даярдап чыгаруу үчүн 125 млн сом коротобуз. Эгемендик алгандан бери биз 2,5 млрд сомду жок кылдык. Биздин улуттук акчаны Африкада бастырбай эле өзүбүздө бастырсак болобу?

Депутаттын суроосуна Кубанычбек Кулматов акча чыгаруунун өзүнчө варианттары бар экенин билдирип, кыргыз сому беш-алты өлкөдө жасаларын белгиледи. Кулматов Улуттук банкка төрага болуп калса, бул маселени карап көрөрүн билдирди.

Кыргызстандын улуттук валютасы - сом 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө киргизилген. 2005-жылдан кийин жүгүртүүдө 1; 3; 5; 10 сомдук номиналдагы металл акчалар кошулган.

Кубанычбек Кулматов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп, Бишкек шаарынын мэри, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунда төрага болуп иштеген. Анын Улуттук банк төрагалыгына талапкерлигин Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитети колдоп берген.

Мыйзам боюнча Улуттук банктын башчылыгына талапкерди өлкө президенти сунуштайт, парламент бекитет жана ал жети жылга шайланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG