Ашхабадга учуп келген Түркмөнстан жарандарынын телефонундагы жеке маалыматтар текшерилүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына жарандар кабарлашкан.
Түркмөнстан ушул апта соңунда баштала турган Азия оюндарына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөткөн. Буга байланыштуу Ашхабаддагы эл аралык аэропортто жүргүнчүлөрдү текшерүүнүн кошумча чаралары киргизилгени кабарланган.
V Азия оюндары түркмөн баш калаасында 17-27-сентябрь күндөрү өтөт.