Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Бабанов менен Төрөбаев биригүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө


Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев
Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев

Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев шайлоодо биригүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу эки талапкердин партияларынан "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Бирок расмий билдирүү жасала элек. "Азаттыктын" өздүк булактары билдиргендей, сүйлөшүүлөргө ылайык, эгер Бабанов президент болуп калса, Төрөбаев премьер-министрликке сунушталат.

Эки саясатчы бириккендери тууралуу 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында элге жарыя кылышары күтүлүүдө.

Өмүрбек Бабанов "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери, бирок талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн.

Бакыт Төрөбаев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан жарышка аттанган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG