Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Президент Таластагы театрдын курулушуна 45 млн сом бөлдү


Президент Алмазбек Атамбаев Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого 45 млн сом бөлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлап, атайын буйрук чыгарылганын билдирди.

Курулушту аяктоого жана зарыл жабдууларды сатып алуу үчүн каражат Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине берилет.

Республикалык бюджеттен каржыланган театрдын курулушу 2008-жылы башталган. Бирок акча тартыштыгынан бүтпөй турат.

Буга чейин шаардык кеңештин айрым депутаттарынын объектти Жерүйдүн акчасы менен бүткөрүү демилгеси талаш жараткан. (AlS)

XS
SM
MD
LG