Жалал-Абад шаарында шайлоодогу кошумча тизмеге 7 миң адам катталды. Бул тууралуу БШКнын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.
- Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматта жалпы шайлоочулардын тизмеси 39 миңге жакын болчу. Азыркы күнгө карата 45 миңден ашуун шайлоочунун тизмеси такталды, -деди Жүндүбаев.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Бүт өлкө боюнча шайлоочулар 30-сентябрга чейин тизмеден өзүн такташы кажет.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын алдын ала тизмесинде 2 млн 914 миң 588 жаран бар. (RsK)