Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Башкы прокуратура Бабановдун арыздарын иликтөөнү тапшырды


Бул боюнча баш прокурор Индира Жолдубаева Кыргызстандын президентин шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзамдуулукту сактоо штабына тапшырма берди. Ага ылайык, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусуна бут тосуулар болгон деген арыз-даттанууларды иликтөө тапшырылды. Ошондой эле Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы студенттерге №2 форма менен добуш берүүгө мажбурлаганы тууралуу, Токмоктогу медициналык колледждеги шайлоого байланышкан окуяны, Араван районунда айыл өкмөттүн үгүтү тууралуу маалыматтарды иликтөөнү да тапшырды.

Президенттикке талапкер, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун 13-сентябрда Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусуна жергиликтүү бийлик бут тосконун талапкердин Оштогу штабынан маалымдашкан. Партиянын Ош шаарындагы жаштар канатынын өкүлү Азамат Советбеков жолугушуу башталгыча тоскоолдуктар болуп, филармониянын алдына илинген баннерлерди белгисиз бирөөлөр алып салышканын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Филармониянын алдына илинген баннерлерди белгисиз бирөөлөр чечип кетишиптир. Биз кайра илдик. Жолугушуу башталганда филармонияда электр жарыгы өчүп калды. Жолугушууга келген студенттерди окуу жайлардын жаштар комитеттери, кээ бир мугалимдер коркутуп, катышууга тыюу салып жатышты.

Ош шаарындагы филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова электр энергиясы жолугушуу башталганга чейин эле оңдолуп-түзөлгөнүн "Азаттыкка" маалымдап, партиянын өкүлдөрү берген маалыматтарды жалган деп четке какты. (KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG