Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Прокуратуранын Бабановдун Кочкордо сыйрылган баннери боюнча маалыматы


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Кочкордогу баннерлери үгүт иштери башталган эле күнү алынганы тууралуу интернетке жарыяланган маалыматтарды Башкы прокуратура иликтеди. Башкы көзөмөл органынын сайтындагы маалымат боюнча, бул окуя жөнүндө арыз 10-сентябрь күнү талапкердин Кочкордогу штабынын башчысы А. Эсеновдон райондук милицияга берилген. 11-сентябрда арыз райондук прокуратурага жолдонгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө Бабановдун үгүт баннери илинген мамы Кочкор айыл өкмөтүнө тиешелүү экени, айыл өкмөт талапкер менен келишим түзбөгөнү аныкталган. Ал эми баннер илинген мамы турган жерди айыл өкмөт башчынын мурдагы орун басары Эсен Жумакадыр уулу бир тууган карындашы Г. Абдыкановага ижарага берүү боюнча өткөн жылы 29-декабрда буйрук чыгарганы, бирок ал буйрук айыл өкмөттө катталбаганы да ырасталган. Ал эми айыл өкмөттүн бюджетине мамыны ижарага берүүдөн каражат түшкөн эмес.

Буга карабай Г. Абдыканова 2017-жылдын 19-июлунда талапкер Бабановдун ишенимдүү өкүлү менен үгүт баннерин илүү тууралуу келишим түзгөн, ал үчүн 11 миң сом акы алган.

Эсен Жумакадыр уулу өзүнүн мыйзамсыз ишин мойнуна алып, баннерди чечүүгө макулдугун берген, ошол эле учурда ал айыл өкмөт башчысын жардамга чакырган. Үгүт кагазды 10-сентябрь күнү райондук “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери сыйрып, Бабановдун штабына өткөрүп беришкен. Райондук же башка жогорку бийлик тарабынан талапкердин үгүт кагазын алып салууга эч кандай көрсөтмө берилген эмес деп маалымдайт Башкы прокуратура.

Башкы көзөмөл органы жалпы өлкө боюнча масштабдуу шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканын эскертип, маалымат каражаттарына, интернет булактарына тигил же бул талапкерди колдоо же каралоо максатында туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG