15-cентябрда түнкүсүн Нарын жана Ысык-Көл дубандарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +4..+9, күндүз +22...+27,
Таласта түнкүсүн +1..+6, күндүз +22...+27 жылыйт.
Баткенде түнкүсүн +9..+14, күндүз +26...+31 градус,
Ош жана Жалал-Абадда болсо түнкүсүн +10..+15, күндүз +25...+30 жылуу болот.
Ысык-Көлдө абанын температурасы түнкүсүн +5..+19, күндүз +19...+24 градуска,
Нарында түнкүсүн +2..+7, күндүз +20...+25 градуска жетет.
Тоолордо түнкүсүн -3...-8, күндүз +8...+13 болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +8...+10, күндүз +25...+27 жылуу болот.