Кыргызстандын бизнес-ассоциациялары президенттикке талапкерлерге жана коомчулукка ачык кат менен кайрылып, алдыдагы президенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө чакырды. Кайрылуу ээлери бул өлкөдө туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылат деп эсептешет.
"Бизнес коомчулук жана ишкер чөйрө өз ишин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Бизнес-ассоциациялардын негизги максаты - экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү, ишкерлердин шарттарын жакшыртуу. Ишкер чөйрө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен саясий көз караштан тышкары кызматташат. Бизнес-ассоциациялар өздөрү да саясаттан тыш, ошондуктан, шайлоо алдындагы иш-чараларга жана үгүт иштерине катышпайт. Бизнес-биримдиктерди шайлоо өнөктүгүнө тартуу аракетине жол берилбейт" деп белгилешкен ишкерлер президенттикке талапкерлерди коомдогу курч көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырган. Алар: жагымдуу инвестициялык климат түзүү жана ишкерликти тескөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн өлкөдө туруктуулукту сактоо, айрыкча коррупциялык аракеттерде мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо, жеке менчиктин жана инвестициялык капиталдын кол тийбестигин сактоо жана коргоо талабы.
Бизнес-коомчулук мамлекет башына жаңы президенттин келиши менен өлкөнү башкаруу коомдун бардык катмарынын, анын ичинде ишкер чөйрөнүн да катышуусу менен куралат деп үмүттөнүүдө.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү жүрүүдө. Мамлекет башчылыкка 13 талапкер ат салышууда.(ZKo)