Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Жалал-Абадда талапка жооп бербеген 17 тамактануучу жай жабылды


Шаар аймагында тамактануучу жайлар текшерилип, натыйжада санитардык талапка жооп бербеген 17 тамактануучу жайдын иши токтотулду. 23 адамга 46 миң сомдук айып пул салынды. Бул тууралуу облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаев билдирди.

Маалыматка караганда сентябрь айынын башында шаар аймагындагы 35 тамак-аш жана балмуздак сатуучу жай текшерилген.

Ушул айдын башында Сузак районунда 16 киши балмуздактан ууланган. Алардын он үчү райондук ооруканага жаткырылып, бир күндөн соң үйлөрүнө чыгарылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы сегиз айда тамак аштан ууланган 69 учур катталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG