Европарламенттин депутаттары Азербайжан бийлигиндеги элитанын европалык саясатчыларга пара берип турганы боюнча парламенттик иликтөө баштоого чакырышты. Мындай чакырык 13-сентябрда парламентте жактырылган резолюцияда камтылган.
Буга Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтеген борбордун (OCCRP) сентябрдын башында жарыялаган баяндамасы түрткү болду.
Ал баяндамада Азербайжан бийлигиндеги элита өкүлдөрү Британиядагы жасалма компаниялар аркылуу үч миллиарддай арам акчаны адалдаштырганы белгиленген.
"Азербайжан ландроматы" деген иликтөөнүн авторлору бул каражат кийин "баалуу буюмдарга" сарпталганын жана Азербайжандын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөдөгү адам укуктарын сынга алган резолюцияларды өткөрбөй келген Европадагы саясатчыларга пара катары берилгенин айтышууда.
4-сентябрда жарык көргөн документте Азербайжан бийликтеринен пара алган делген үч европалык аткаминердин ысымы аталган.
Баяндаманын авторлору белгисиз жарандардын атына катталган Британиядагы компаниялардын эсебиндеги акча кайсы жактан келип турганын так айта алышпаганы менен, алар Азербайжандагы жогорку даражалуу аткаминерлер, анын ичинде президент Илхам Алиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси бар тармактардан түшкөнүн боолгошууда.
Баку баяндамадагы айыптоолорго президенттин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кандай тиешеси жоктугу белгилеп, бардыгын четке каккан.