Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Сирияга кеткендер жарандыктан ажыратылат


Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

Сирия жана Ирактагы террористтик уюмдардын катарында согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар жарандыктан ажыратылат. Бул тууралуу Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында мындай жобо жаңы Конституцияда каралган:

- Биздин жарандар террористтик уюмдарда жүргөнү далилденсе, жарандыктан ажыратабыз. Мындай норма Конституцияда бар. Азыркы учурда мамлекеттик органдар так механизмин иштеп жатышат. Бирок адам укугу сакталышы керек.

Жумакадыров кошумчалагандай Сирия жана Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар саны 500дөн ашык. Алардын 140га жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин алардын 92си согуш талаасында мерт болгон.(UEz)

XS
SM
MD
LG