Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Отунбаева БУУнун кеңешчилер комиссиясына мүчө болду


Экс-президент Роза Отунбаева Улуттар уюмунун ортомчулук боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешчилер комиссиясына мүчө болду. Бул тууралуу 13-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш жарыялаганын "Роза Отунбаеванын демилеси" коомдук фондунан "Азаттыкка" кабарлашты.

18 адам мүчө болуп кирген кеңешчилер комиссиясы тынчтык үчүн жана Улуттар уюмунун бардык деңгээлдеги ортомчулук жүргүзүү, дипломаттык сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Роза Отунбаева 1992-жылы эгемен Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри болуп дайындалган. Ошол эле жылы өлкөнүн АКШдагы элчиси болуп иштеген. 1997-жылы Кыргызстандын Британиядагы жана Ирландиядагы элчиси кызматын аркалаган. 2002-жылы май айында БУУнун Грузия, Абхазиядагы атайын өкүлүнүн орун басарлыгына бекитилген. 2004-2005-жылдары грузин-абхаз чатагын жөндөө боюнча Улуттар уюмунун Баш катчысынын атайын өкүлү болуп иштеген.

Роза Отунбаева Кыргызстанды 2010-жылдын Апрель ыңкылабынан кийин башкарып, 2011-жылдын октябрында президенттик шайлоодо 62% добуш алган Алмазбек Атамбаевге бийликти ошол жылдын 1-декабрында өткөрүп берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG