Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Сочиге иш сапарынын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык жана ЕАЭБ алкагында тараптардын өз ара алакасы талкууланары буга чейин айтылган.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга акыркы жолу мамлекеттик сапар менен быйыл июнь айында барган. (NT)