Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Орусиялык блогер Лапшин Бакудан чыгып кетти


Беларус бийлиги блогер Алексей Лапшинди февраль айында Азербайжанга өткөрүп берген.
Беларус бийлиги блогер Алексей Лапшинди февраль айында Азербайжанга өткөрүп берген.

Жикчил Тоолуу Карабактын аймагына барганы үчүн камакка алынган блогер орус-израил блогерри Александр Лапшин Бакудан чыгып кетти. Ал Израилге учуп кеткени маалым болду. Үч күн мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Лапшинге ырайым кылып, ал абактан чыгарылган.

Лапшин 2011- жана 2012-жылдары Бакунун уруксаты жок талаштуу Тоолуу-Карабак аймагына барганы үчүн, ошондой эле аймактын көз карандысыздыгын таанууга чакырганы үчүн айыпталган.

Москвада жашаган орус тилдүү блогер Бакунун өтүнүчү менен декабрь айында Беларуста кармалган.

Беларус бийлиги Орусиянын каршылыгына карабай аны февраль айында Азербайжанга өткөрүп берген. Июль айында сот аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Лапшин Тоолуу Карабакка саясий мүдөө менен барбаганын жана ал бул аймакты Азербайжандын бөлүгү деп эсептерин айткандан кийин президент ага ырайым кылды.

Азербайжандын бир бөлүгү, бирок армяндар көп жашаган Тоолуу-Карабакты Армения колдогон жикчилдер 90-жылдардын башындагы согуш учурунда ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG