Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Назарбаев: бийликтен кетүү тууралуу ойлоно элекмин


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы маалымат жыйында.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы маалымат жыйында.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетүү тууралуу ойлоно электигин 14-сентябрда Астанада өткөн маалымат жыйында билдирди.

77 жаштагы Назарбаев "чың ден соолукту, психологиялык жана эмоционалдык энергияны талап кылган кызматы жагарын" кошумчалады.

- Кыйын болушу мүмкүн, бирок мен кийинки күндү пландаганга көнгөм, ал эми иштердин баары аткарылганда кечинде өзүмдү бактылуу сезем. Силер да ошентишиңер керек.

Назарбаев ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга киргизилген санкциялардын Казакстанга зыяны тийбейт деп аны ишендиргенин айтты.

Нурсултан Назарбаев КМШ мамлекеттеринин башчыларынын ичинен Советтер Союзу тараардан мурда бийликке келген жалгыз президент. Бир жыл мурда Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов 78 жашында көз жумгандан кийин Назарбаев да бийликтен кетүүнү көздөп, мураскер таптап жатат деген сөздөр тараган.

XS
SM
MD
LG