Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Ирактагы кош жардыруунун курмандыктары 70тен ашты


Ирактагы жанкечти жардырган автоунаа. Киркук, 2013-жыл. Архив.
Ирактагы жанкечти жардырган автоунаа. Киркук, 2013-жыл. Архив.

Ирак полициясынын маалыматына караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү кош жардыруудан каза тапкандардын саны 70тен ашып, 90дон көп киши түрдүү жаракат алды. Курмандыктардын жетөө ирандык шиит-зыяратчылар. 14-сентябрда жанкечти алгач Насирия шаарынын батышындагы ресторанда өзүн жардырган, согушкерлер тобу гранаталарды ыргытышып, ал жердегилерге ок жаадырышкан. Андан кийин кол салгандар мина салынган машинеге отурушуп, блокпостко келишип автоунааны жардырып жиберишкен.

Коопсуздук кызматтары кол салгандарды өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топко каршы армия жана полиция менен бирге күрөшкөн "Хашед аш-Шааби" сунит альянсынын жоочулары экенин боолгоп жатат.

Радикал сайттардын биринде "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун кол салуу үчүн жоопкерчилик алганы тууралуу билдирүүсү тарады. Ирактын коопсуздук кызматтары аталган экстремисттик топ Ирак менен Сириядагы согушта утулуп калып, партизандык аракеттерди жүргүзүп жатканы болушу мүмкүн деген ойдо.

Буга чейин Ирактын армиясы күрд ыктыярчылары жана АКШ авиациясынын колдоосунда согушкерлерди Мосул шаарынан сүрүп чыгарган. Сирияда козголоңчулар жана бириккен араб-күрд бөлүктөрү да америкалык аба күчтөрүнүн жардамы менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун акыркы таянычы - Ракка шаарын бошотууга умтулууда.

XS
SM
MD
LG