Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Башка улуттагы эркек менен кетип бара жаткан келин зомбулукка кабылды


Бишкектеги Ош базарында башка улуттагы эркек менен кетип баратканы үчүн зомбулукка кабылган келиндин окуясын милиция териштирип жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, келинди да, ага кол тийгизди деген жаранды да ошол замат Ленин райондук милициясына алып келип, түшүнүк кат жаздырып, кайра коё беришкен.

Окуя 11-сентябрда болгон, кылмыш иш козголо элек, териштирүү жүрүп жатат дейт Оморов:

- 29 жаштагы жаран 28 жаштагы кыз менен урушуп кетип, бетке чаап жиберген. Кылмыш иш козголобу же жокпу, тергөөчү териштирүүнүн натыйжасында чечет.

Окуя тартылган видео интернетке бүгүн тарады. Анда агрессивдүү маанайда сүйлөгөн жаран кыргыз кыздары башка улуттагы эркектерге кетип жатканына нааразы болуп, “мунун жашоосу бүтөт, муунтуп коем, балталап салам” деген сөздөрдү айтууда.

Жабыркаган келинди жанында соода кылып турган башка аялдар коргоп чыгышкан.

Учурда бул видео интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG