Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:29

АКШ Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга чара көрүүгө чакырды


Түндүк Корея ракетасынын багыты жапан телесинен көргөзүлгөн учур. 15-сентябрь, 2017

Мындай чакырык Пхеньян баллистикалык ракетасын экинчи ирет Жапониянын үстүнөн учурган соң жасалды. Окуя бүгүн болду. Мындан улам Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга каршы “тикелей чара” көрүүгө чакырууда.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун билдирүүсүндө “Кытай Түндүк Кореяга керек мунайдын көбүн берет, Орусия Түндүк Корея жумушчуларынын эң ири иш берүүчүсү. Кытай менен Орусия бул жоопкерчиликсиз ракета атуулар менен келише албай турганын көрсөтүп, тикелей чара көрүшү керек”, - деп айтылат.

Пхеньяндын соңку ракета атуусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул отурумга чогулган жатат. Атылган ракета Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралы үстүнөн учуп, Тынч океанга кулаган.

Жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Иошихиде Суганын кабарчыларга айтканына караганда, атылган ракета Жапониянын жээгинен 2000 чакырым алыстыкта кулаган.

Жапон премьери Синзо Абе Пхеньяндын аракетин “кыжыр кайнатарлык" деп атап, ага каршы эл аралык чара көрүүгө үндөдү.

Түштүк Кореянын эсебинде, бул жолу ракета 3700 чакырым аралыкка чейин учкан. АКШ баллистикалык ракетанын орто аралыктагысы атылганын, Түндүк Америкага же Гуам аралдарына эч коркунуч болбогонун билдирди.

Пхеньянын Жапониянын Хоккайдо аралы үстүнөн ракетасын буга чейин 29-августта да учурган болчу.

Анын артынан суутек бомбасын сынаганына байланыштуу апта башында БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияларды мурдагыдан катаалданткан эле. Пхеньян болсо Коопсуздук кеңештин чечимин четке каккан. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG