Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

AI: Мьянманда этникалык тазалоо болгону ырасталууда


Рохинжа качкындары Бангладештин чек арасына өткөн учур. 3-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары Бангладештин чек арасына өткөн учур. 3-сентябрь, 2017-жыл.

Бул туралуу Эл аралык Мунапыс уюмунун жүз миңдеген рохинжа мусулмандары коңшу Бангладешке качкан Мьянма өлкөсүндөгү кырдаал боюнча жаңы билдирүүсүндө айтылат.

Анда белгиленгендей, Эл аралык Мунапыс Мьянманын коопсуздук күчтөрү тараптан ондогон рохинжа кыштактарын “системалуу түрдө өрттөө боюнча уюштурулган өнөктүктүн”, “бандиттик” топтордун кол салууларынын далилдерин тапты. Укук коргоочу уюм бул көрүнүштү “этникалык тазалоо” деп мүнөздөгөн.

Эл аралык Мунапыс уюмунун айтымында, алардын далилдери өрттөр боюнча маалыматтарды, спутниктен жана жерден тартылган сүрөттөрдү, видео тасмаларды жана Бангладешке качкан ондогон рохинжа мусулмандары менен интервьюларды камтыйт.

Эл аралык Мунапыстын алдында Мьянманда рохинжа мусулмандарына каршы этникалык тазалоо болуп жатышы мүмкүн деген тынчсыздануусун БУУнун башкатчысы Антонио Гутерреш да билдирген эле.

БУУнун эсебинде, Мьянмадан качкандардын саны 400 миңден ашты.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам рохинжа мусулмандары 25-августтан бери Бангладешке качууда.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктардын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандары арасынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага координацияланган чабуул жасаганын жүйө келтирген, жайкын тургундар бутага алынып жатат деген айыптоолорду четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG