Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:13

20 чакты абактагы жаранды ташып бара жаткан автоунаа жол кырсыгына кабылып, учурда алар Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда башка машинанын күтүп турушат.

"Азаттык" радиосуна Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын кабарлашынча, окуя бүгүн эртең менен Чүйдүн Жайыл районунда болду. Айдоочу жана камактагы эки жаран жабыркады.

"Ичинде 20дан ашуун адам бара жаткан. Башка унаа жөнөттүк. Тергөө тобу да кетти. Качып кетүү же башка мыйзам бузуу болгон жок", - деди Сабатарова.

Жабыркаган үч жаран Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди, анан алар Бишкектеги №47 абакка которулат. (NO/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG