Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:19

17 өлкөнүн антидопинг уюмдары Түштүк Кореядагы 2018-жылкы Кышкы олимпиадага Орусияны катыштырбоо чакырыгын жасашты.

Антидопинг боюнча улуттук уюмдардын NADO бирикмеси АКШнын Колорадо штатында эки күнкү жыйынынан кийинки билдирүүсүндө "Сочи олимпиадасында коррупция далилденгени жана таза спорт боюнча милдеттенмелерин ушул күнгө чейин аткарбай жатканы үчүн Орусия жазаланышы керек”, - деп айтылат

NADO бирикмесинин курамына АКШ, Австрия, Австралия, Британия, Канада, Дания, Финляндия, Франция, Германия, Ирландия, Жапония, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Норвегия, Сингапур жана Швециянын Антидопинг уюмдары кирет.

Алар өз билдирүүсүндө Орусия спортчуларынын 2014-жылкы Сочи олимпиадасы учурунда допинг колдонгону боюнча кеңири далилдер толук иликтенбегендиктен 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарындагы оюндар таза өтөрүнөн “олуттуу күмөн санаган”.

Дүйнөлүк антидопинг уюму - WADA2016-жылдын июль айындагы баяндамасында Орусияда спортчулардын допинг пайдалануусун мамлекет колдогонунун далилдери табылганын, андан спорттун 30 түрүнөн миңден ашуун орусиялык пайда көргөнүн белгилеген.

Эл аралык Олимпиада комитети Орусияга каршы эч санкция колдонгон эмес. Былтыр Жайкы Олимпиадада орус спортчуларын катыштыруу же катыштырбоо маселесин чечүүнү спортук федерацияларга берген. Рио олимпиадасына жалпысынан орусиялык 271 спортчу барган.

Орусиянын Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуков 14-сентябрда “Ассошейтед пресс” менен маегинде аларда спортчулар Кышкы олимпиадага катыша албай калат деген кооптонуу жоктугун билдирди. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG