Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрү өтүүдө


Орусия өкүлү Александ Лаврентьев журналисттерге сүйлөөдө. Астана, 14-сентябрь, 2017-жыл.
Орусия өкүлү Александ Лаврентьев журналисттерге сүйлөөдө. Астана, 14-сентябрь, 2017-жыл.

Орусиянын бул сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Александр Лаврентьевдин билдиргенине караганда, Сирияда төрт “де-эскалация” зонасын түзүү боюнча макулдашууга жетишүү күтүлүп жатат.

Орусия, Иран, Түркия демөөрчүлүк кылып келаткан сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы 14-сентябрда башталган эле. Бул үч өлкө быйыл май айында Сирияда төрт “де-эскалация” зонасын түзүүнү караган меморандумга кол койгон эле.

Орусия анын үчөөн түзүү багытында иш жүргүзүп, бул өз кезегинде ал аймактарда кыянатчылыктардын басаңдашына алып барды.

Эми Астанадагы азыркы сүйлөшүүлөрдө төртүнчү “де-эскалация” зонасын Сириянын түндүгүндө, Түркияга коңшу Идлиб провинциясынын айланасында түзүү боюнча макулдашуу жетишилет деп күтүлүүдө.

Сирияда алты жыл ашуунга созулган жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Орусия жана Иран бул согушта президент Башар Асаддын режимин, ал эми АКШ менен Түркия Асадга каршы козголоңчул топторду колдоп келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG