Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Астанада Сирия боюнча макулдашуу жетишилди


Астана сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары. 15-сентябрь, 2017-жыл.
Астана сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары. 15-сентябрь, 2017-жыл.

Казак борборундагы сүйлөшүүлөрдүн демөөрчүлөрү - Орусия, Иран, Түркия өкүлдөрүнүн билдиргендей, алар Сирияда алты айлык мөөнөт менен төрт “де-эскалация” зонасын түзүүнү макулдашты.

Сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы 14-сентябрда башталган болчу.

Тараптардын биргелешкен билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, ал “де-эскалация” зоналары борбор Дамасктын түндүгүндөгү Чыгыш Гоута аймагын, Идлиб, Хомс, Латакиа, Алеппо, Хама провинцияларын толук же жарым-жартылай камтыйт.

Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, макулдашуу Москва, Тегеран, Анкара Идлиб провинциясындагы төртүнчү “де-эскалация” зонасынын чек аралары боюнча пикир келишпестигин чечкен соң жетишилди.

Алдыда эми Түркия менен чектеш жана бөлүктөрүн козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясындагы “де-эскалация” зонасын кайсы күчтөр жайгаштырылары макулдашылуусу керек.

Орусия, Иран, Түркия Сирияда төрт “де-эскалация” зонасын түзүүнү караган меморандумга быйыл май айында эле кол койгон. Бирок төртүнчү зонасын чек арасы боюнча пикир келишпестиктен улам расмий макулдашуу түзүлбөй келген.

Сирияда алты жыл ашуунга созулган жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Орусия жана Иран бул согушта президент Башар Асаддын режимин, ал эми АКШ менен Түркия Асадга каршы козголоңчул топторду колдоп келүүдө. Казак борборундагы жолугушууга байкоочу катары АКШ делегациясы да катышат.

Вашингтон Ирандын Сириядагы аракеттеринен тынчсызданып, Тегеран президент Башар Асаддын режимин эч талашсыз колдогону бул жердеги куралдуу жаңжалды жана карапайым сириялыктардын азап-тозогун күчөткөнүн белгилеп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG